Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Украинада Орусиянын чабуулунан чет элдик журналисттер жараат алганы кабарланды


Харьков. Орусиянын чабуулуна кабылган мейманкана. 2024-жылдын 11-январы.
Харьков. Орусиянын чабуулуна кабылган мейманкана. 2024-жылдын 11-январы.

11-январга караган түнү Орусия Украинанын Харьков шаарын ракета менен аткылаганын Харьков облусунун полиция башчысы Владимир Тимошко билдирди. Ракета шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мейманканага тийгени, соңку маалымат боюнча, жараат алгандар 13кө жеткени, арасында чет элдик журналисттер бар экени кабарланды.

Сокку С-300 ракетасы менен урулду, мейманкананын жанындагы дагы бир имарат жабыркады.

Херсон облусу да миномет, артиллерия, танк жана учкучсуз учак менен 108 жолу аткыланды, үч жай тургун жараат алды.

Соңку кезде Орусиянын Харьковго жана Херсонго чабуулу көбөйдү, Харьков аймагына сокку С-300 ракеталык-зениттик комплексинен Белгород аймагынан урулууда.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 11-январда маалымдагандай, Донецк облусунун Авдеевка, Лиман, Марьинка багыттарында бир нече чабуулдун мизи кайтарылды, согуш талаасында 73 жерде кагылышуу болду.

Авдеевка аймагында украин аскерлери Орусиянын бул тилкени курчоого алуу аракетине жол бербей, кармап турушат. (RK)

XS
SM
MD
LG