Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:07

KG Групп компаниясынан үй алгандар УКМКнын алдына чогулуп, президентке кайрылышты


KG Групп курулуш компаниясынан үй алган адамдар УКМКнын алдына чогулду. 11-январь, 2024-жыл.
KG Групп курулуш компаниясынан үй алган адамдар УКМКнын алдына чогулду. 11-январь, 2024-жыл.

KG Групп курулуш компаниясынан үй алган бир нече адам 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулуп, президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алардын бири Айпери Матысакованын “Азаттыкка” айтымында, алар үй сатып алган көп кабаттуу турак жайдын жашоочулары KG Групп ишканасына каражатты толук төлөп бергени менен ушул күнгө чейин курулуш иши аягына чыга элек.

“Үйдүн акчасын бергенбиз, бирок азыркыга чейин толук бүтүрө элек. Мен билгенден 300дөй үй-бүлө бар. Ошолор келип кайрылуу кылдык. Эми каякка барабыз, эмне кылабыз билбей жатабыз”, - деди ал.

Айпери Матысакованын сөзүнө караганда, 300дөй үй-бүлөнүн ичинде акчасын төлөп, бирок такыр эле үй ала элек да адамдар бар.

10-январда УКМК KG Групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан. Азыр кайда экени белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG