Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Төрөбаев Кыргызстанда быйыл да суу тартыш болорун билдирди


Жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн жыйыны. 11-январь, 2024.
Жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн жыйыны. 11-январь, 2024.

Быйыл Кыргызстанда 540 суу каналы оңдолуп, сууну убактылуу топтоочу бассейндердин курулушу башталат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү боюнча өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал быйыл кургакчылык болуп, суунун аз болушу күтүлүп жатканын белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бул жаатта даярдык көрүүгө чакырды.

“Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдери былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун, эгер кайталанса жеке жооп бересиздер. Сугат иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. “Элдик курулуш” ыкмасы аркылуу объектилерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот”, – деди Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев район акимдерине кайрылып, үрөндүн кайсы түрү керек болсо, мамлекет аны таап берүүгө даяр экенин айтты. Анын билдиришинче, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын көлөмү жетиштүү, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 10 миң тонна май бар.

Төрөбаев экспортко чыгууда Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда экенин, ал эми райондорду өнүктүрүүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткенин белгиледи. Ошол себептүү райондун акимдерине жана шаарлардын мэрлерине экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга чараларды көрүүгө байланышкан бир катар тапшырмалар берилди.

Анда квартал сайын акимдер жана мамлекеттик органдар президенттин администрациясына демилгеленип, ишке ашпай калган долбоорлор тууралуу, ишканалардын ишке киргизилиши, жумуш орундарынын түзүлүшү, экспорт-импорт тууралуу маалыматтар, салык жана бажы төлөмдөрү, курулуш, энергетика тармагы да тиешелүү маалыматтарды берүүгө милдеттендирилди.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы байкалууда. Былтыр да сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сокулук районундагы Селекция жана Сары-Өзөн, Орок айылдарынын жана Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургундары быйыл жайында таза суу берилбей калганына нааразы болуп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG