Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Сомалиде БУУнун тик учагын радикал топ барымтага алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сомалиде “Аль-Шабаб” куралдуу тобу Бириккен Улуттар Уюмунун тик учагын барымтага алды. Бортто айрым маалыматтар боюнча экипаждын мүчөлөрүн кошкондо сегиз же тогуз жүргүнчү болгон. Алар куралчандардын барымтасына алынганы айтылууда.

“Аль-Жазира” билдиргендей, учуп бараткан тик учак техникалык мүчүлүштүктөн улам “Аль-Шабабдын” көзөмөлүндөгү аймакка конууга аргасыз болгон. The Washington Рost радикалдар тик учакты өрттөп, анын экипажын жана жүргүнчүлөрүн барымтага алганын тактады.

Сомалинин Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, майор Хасан Али бортто эки сомалилик жаран жана бир катар чет өлкөлүктөр болгонун билдирди. Анын айтымында, тик учак аскердик кагылыш болуп жаткан аймакка дары-дармектерди жеткирип, ал жактан жараат алгандарды алып келмек.

БУУ тик учактын барымтага алынышы боюнча комментарий бере элек.

“Аль-Шабаб” же “Аш-Шабаб” деп айтылган радикал топ Сомалинин аймагындагы куралдуу жаңжалга катышып, расмий бийликке каршы чыгып жүрөт. Өлкөнүн борбордук жана түштүк аймагы анын көзөмөлүндө турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG