Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Министрлик өлкөдө бензин, дизелдик май жетиштүү экенин кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда бензин менен дизелдик май жетиштүү экенин кабарлады. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча, ушул жылдын 8-январына карата өлкөдө АИ-92 бензиндин бир литринин орточо баасы 63 сом 3 тыйын, дизелдики май 70 сом 9 тыйын болууда.

“Аи-92 бензининин дүйнөдөгү орточо баасы 2024-жылдын 8-январына карата литрине 1,3 доллар же 115,8 сомду түзөт, дүйнөдө дизель майынын орточо баасы литрине 1,25 доллар же 112,2 сом”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан бир жылда болжол менен 1,4 млн тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Суткасына орточо 1781 тонна бензин, 1507 тонна дизель майы колдонулат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG