Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Ташиев Жамгырчиев “Салимбай байбачадан” колдоо издеп, жолукканын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эмил Жамгырчиев Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиевге жазган делген катты көрсөттү. Атайын кызматтын жетекчисинин сөзү боюнча 10 барак катта ал колдоо сурап, Кыргызстанда кысымга кабылып жатканын жазган:

“Салим Абдувалиев - Өзбекстандын кримтөбөлү деп ачык эле айтышыбыз керек. Эмил Жамгырчиев андан колдоо издеп, биздин мамлекеттин башында отурган кызмат адамдарын жамандап, аларга чара көрүүнү суранып, ошол кишиге барып атат. Бул эмне деген акмакчылык”.

Ташиев депутат Жамгырчиев 2022-жылы декабрда Ташкентте Салим Абдувалиев менен жолукканын кошумчалады. Ал “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Жамгырчиевди иш сотко өтсө, сотко келүүгө чакырды.

10-январда Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев да Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айтты.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчылары депутаттын өзү менен байланышууга бир нече жолу аракет кылды. Бирок майнап чыга элек. Жамгырчиев 10-январда парламенттин да жыйынына келген жок.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон.

Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (BTo)

XS
SM
MD
LG