Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Парламент Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берди


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Тишелүү токтом долбооруна 69 депутат “макул” деп добуш берди.

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, жолукканын айтты.

Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастады. Атайын кызматтын төрагасы “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Эмил Жамгырчиевди иш сотко өтсө сотко келүүгө чакырды.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчылары депутаттын өзү менен байланышууга бир нече жолу аракет кылды. Бирок майнап чыга элек. Эмил Жамгырчиев 10-январда парламенттин да жыйынына келген жок.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон.

Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (BTo)

XS
SM
MD
LG