Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Депутат Алижанова Жамгырчиев анын иш бөлмөсү аркылуу качып чыкканын ырастады


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова 9-январда анын иш бөлмөсүнүн терезеси аркылуу депутат Эмил Жамгырчиевдин качып чыкканын ырастады. Бул тууралуу ал 10-январда парламент жыйынынын алдында журналисттерге билдирди.

“Ал маалда мен иш бөлмөмдө жок элем. Биз пресс-борбор жакта күтүп турганбыз. Иш бөлмөдө жардамчыларым болчу, алар кабинетке бизде иштеген бир кыз менен кирди деп айтышты. Алар “биз сүйлөшүп алышыбыз керек” дегенинен жардамчыларым бөлмөдөн чыгып турушкан. Коммендант келип жардамчыларымдан экинчи кабаттан бирөө секирип түшкөнүн айткан. Бизде эч нерсе болгон жок деп эле бөлмөнүн эшигин ачса, ал жерде депутат жок экен. Кантип секирип кеткенин эч ким көргөн жок”, - деди Алимжанова.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка суракка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Азыр каякта экени белгисиз.

“Азаттыктын” кабарчыларынын депутаттын өзү менен байланышууга бир нече жолу аракет кылды.

Парламенттин 10-январдагы жыйынында Жамгырчиевди жоопко тартуу маселеси каралып жатат. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев келди.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG