Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Кемпир-Абад иши: Бектур Асанов ооруканага жаткырылды


Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумдардын бири. Отургучта жаткан Бектур Асанов.
Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумдардын бири. Отургучта жаткан Бектур Асанов.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Булекбаев “Азаттыкка” билдирип, операция жасоо үчүн дарыгерлер консилиум өткөрүп жатканын айтты.

Кемпир-Абадды коргоо комитети буга чейин “абакта Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген. Ушундан улам саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылган.

9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановду ооруканага которуу кечиккенин, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” жарыялашкан.

Бектур Асанов ооруканага жаткырылгандыктан Кемпир-Абад ишине байланыштуу 10-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян башка күнгө жылдырылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG