Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Жалал-Абадда милиция секелектин зордукталганы тууралуу арызды териштирүүдө


Жалал-Абад шаардык милициясы 14 жаштагы кыздын зордукталышы тууралуу арыздын негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Аксы райондук Ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анын 14 жаштагы кызы 2-январда Жалал-Абаддагы мейманканада зордукталганын билдирген. Райондук милиция арызды Жалал-Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнө жолдогон.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, кызды зордуктоого шектүү Сузак районунун Ырыс айылынын 30 жаштагы тургуну экени аныкталган. Текшерүү уланууда.

Акыйкатчынын кеңсеси 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (SE\TB)

XS
SM
MD
LG