Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

Дарак кыюуга байланыштуу Оштогу "Царский двор" кафеси бузулат


"Царский двор" кафесинин жанында кыйылган дарак.
"Царский двор" кафесинин жанында кыйылган дарак.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы калаадагы белгилүү "Царский двор" кафеси менен келишимди үздү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы 9-январда маалымдады.

Кафенин жетекчилигине үч күндүн ичинде коомдук тамактануучу жайдын имаратын бузуу тууралуу эскертүү берилгенин T-Media жазды.

Мунун алдында кафенин алдындагы көп жылдык дарак кыйылганы белгилүү болуп, социалдык тармакта сынга кабылган. Экотехкөзөмөл кызматы кафенин жетекчилигине 15 дарактын жолго кооптуу делген бутактарын кесүүгө гана уруксат берилгенин, бирок бир дарак дээрлик түбүнөн кыйылганын маалымдаган. Бул үчүн кафеге 37 миң 600 сом айыппул салынган.

Ленин көчөсүндөгү эс алуу багына жанаша жайгашкан "Царский двор" кафеси көп жылдан бери шаардагы эң белгилүү даамканалардын бири деп эсептелет.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына ылайык, тамактануучу жай шаардын казынасына жылына 1 миллион 750 миң сом ижара акы төлөп келген.

Кафенин жетекчилиги азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG