Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Эл сүрөтчүсү Муса Абдиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Кыргыз Эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиевдин сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-январда өттү.

Муса Абдиев 7-январда 90 жашында дүйнөдөн өттү. Ал 1934-жылы Жалал-Абаддын Сузак районунда төрөлгөн. 1959-жылы Фрунзедеги көркөм өнөр жогорку мектебин бүткөндөн кийин эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде тасмалардын сүрөтчү ассистенти болуп, андан соң сүрөтчү-коюучу болуп өмүрүн акыркы жылдарына чейин эмгектенген.

2020-жылы анын кол изи түшүрүлгөн плита Бишкектеги "Манас" кинотеатрынын алдына орнотулган.

Абдиевдин зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев баштаган аткаминерлер, маданият өкүлдөрү, жакындары катышты. (SE)

XS
SM
MD
LG