Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Жалал-Абадда газдын жоктугунан токтогон автобустар каттамга чыкты


Жалал-Абад шаарындагы эл ташыган автобус. 9-январь, 2023-жыл
Жалал-Абад шаарындагы эл ташыган автобус. 9-январь, 2023-жыл

Жалал-Абад шаарында Өзбекстан метан газын берүүнү токтоткондон кийин 20 күндөй каттамга чыкпай калган автобустар 9-январда кайра иштеп баштады.

Былтыр декабрь айында күн суук болгондо Өзбекстандын өзүндө газ тартыш болуп Жалал-Абаддагы автобустарга метан газын бербей калган. Ушул тапта газ берүү жанданды. Автобустар метан газы менен жүргөндүктөн шаардык мэрия аны Өзбекстандан алып келүүдө.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жатат.

Кошуна өлкөдөгү инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станциянын курулушу башталган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобус тапшырган. Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичнен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан. (TB)

XS
SM
MD
LG