Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Украинанын шаарлары кайрадан ракетадан аткыланды


UKRAINE-RUSSIA-CONFLICT-WAR
UKRAINE-RUSSIA-CONFLICT-WAR

Украинанын дээрлик бардык аймагында 8-январда түнү жана эртең менен абадан айгай салынды. Украин армиясы Орусия ракетанын ар кандай түрү менен чабуул койгонун билдирди.

Кривой Рог, Запорожье, Днепр, Харьков жана Хмельницкийде жарылуулардын үнү угулду. Анын кесепети тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Жергиликтүү басылмалар Кривой Рогдо соода борбору олуттуу зыян тартканын жазышты. Запорожьеде калктуу конушка урулган соккудан эки киши жабыркаганын, аймактын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчкөнүн облустук админстрациянын башчысы кабарлады.

Харьковго бери дегенде төрт сокку урулганын, өндүрүш кампасында өрт чыкканын облустун жетекчиси Олег Синегубов маалымдады.

Москва Украинага урулган соккулар тууралуу комментарий берген жок. Орусиянын Коргоо министрлиги 8-январда эртең менен Белгород облусунун үстүнөн С-200 ракетасынын мизи кайтарылганын, оккупацияланган Донецк облусунда сегиз дрон жок кылынганын билдирди.

XS
SM
MD
LG