Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:42

Сүлүктүдө көмүр кениндеги урандыдан эки жумушчу куткарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-январда Сүлүктү шаарындагы “Южный-3” көмүр кени урап, уранды астында калып кеткен эки киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 8-январда билдирди.

Көмүр кендеги кырсык тууралуу 19:49да кабар түшүп, жалпы 18 куткаруучу тартылган. Издөө-куткаруу иши кендин 140 метр терең жеринде жүргүзүлгөн. Куткаруучулар кенде иштеген 32 жаштагы И.Х. жана 48 жаштагы И.М. алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп берген.

ӨКМдин маалыматына караганда, ушул эле көмүр кенинде былтыр май айында газга ууланып калган төрт кен казуучуну аман алып калышкан.

“Статистикага таянсак, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку эки жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 ирет куткаруу иштерине тартылып, анын ичинен 6 жарандын өмүрүн сактап калышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Сүлүктү шаарында бир нече көмүр шахталары жайгашкан. Буга чейин шахталарда иштеп жатып, газга ууланып өмүрү кыйылган учурлар бир нече жолу катталган.

XS
SM
MD
LG