Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Мамкатчы аянтка биринчи макулдашылбаган туу илингенин айтты


“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.
“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда илинген желек.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко такталбаган, толук кароодон өтпөгөн туу илингенин ырастады. Бул тууралуу ал 8-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Бирок ал желекти ким даярдаганын, кимдин чечими менен илингенин тактаган жок.

“Бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алып, өкмөттүн токтому менен бекитилген желек. Эми өңү, узуну кандай даярдалышы керек өзүнүн жобосу менен накта желегибиз жаңырды”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 8-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы болгонун билдирди.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, парламенттин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 8-январда илинген желек.
“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 8-январда илинген желек.

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына жаңы туу илинген. Анда туунун нурлары түз болуп, түндүккө бириктирилген. Желекти алмаштырууда эч кандай расмий иш-чара уюштурулган эмес. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан башкача болчу.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” билдирген.

Ал эми Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

Өкмөт да, Дайырбек Орунбеков да “Ала-Тоо” аянтына 1-январда илинген туу кимдин чечими, кайсы токтом менен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Былтыр декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG