Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Украина Крымдын коргонуу системасына олуттуу зыян келтирилгенин билдирди


Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралына 4-январда жасалган чабуулдун натыйжасында орус аскерлеринин командалык пункту гана талкаланбастан, жарым аралдын өзүн коргоо системасына да олуттуу зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн 5-январда украин аскерлери билдиришти.

«Чынында өтө олуттуу күжүрмөн иш аткарылды», — деп айтты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк.

Анын айтымында, бул орус аскерлерине өзүнүн коргонуу системасын кайра карап чыгууга олуттуу түрткү боло турган чабуулдардын биринчиси эмес.

4-январда Украина Крым жарым аралындагы Севастополь аймагына жакын жерде орус аскерлеринин командалык байланыш пунктуна сокку урганын кабарлаган.

Севастополдун Москва дайындаган губернатору Михаил Развожаев шаар «соңку кездеги эң оор чабуулга кабылганын» билдирген. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралында абадан коргонуу системалары Украинанын 10 ракетасын атып түшүргөнүн маалымдаган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

XS
SM
MD
LG