Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:32

Ооганстанда ондогон аял толук жамынып жүрбөгөнү үчүн кармалды


Кабул. 2022-жылдын декабрында тартылган сүрөт.
Кабул. 2022-жылдын декабрында тартылган сүрөт.

Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү толук чүмкөнүп жүрүү талабын аткарбаган ондогон аялды камакка алганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган кызматы билдирди.

«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын куралчан өкүлдөрү борбор калаа Кабулдун ар кайсы аймактарын кыдырып, баш-аягын чүмкөп, бетин да жаап жүрүү талабына баш ийбеген кыз-келиндерди кармап, белгисиз тарапка алып кетип жатканын аты-жөнүн атагысы келбеген жергиликтүү тургундар кабарлашкан.

Бийликке 2021-жылдын августунда келген талибдер 2022-жылдын май айында ооган аялдарына элдин арасына чыкканда көзүн гана ачык калтырып, калган жерин толук жаап жүрүү эрежесин жарыялаган. Муну менен «Талибандын» өлкөнү буга чейин башкарган 1996-2001-жылдардагы эрежеси кайра калыбына келтирилген.

Кармалган аялдардын айрымдары күрөөгө бошотулганы, калгандары дагы эле камакта экени кабарланууда.

Аял укуктарын коргоо менен алектенип жүргөн жергиликтүү активист Рукия Саи «Ооганстанда кырдаал күндөн-күнгө начарлап баратат» деп билдирди.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши өзүнүн атайын чабарманын «Талибан» менен кызматташууга, айрыкча гендер жана адам укуктары жаатына көңүл бурууга чакырган.

Талибдер бул идеяны сындап, «сырттан таңууланган чечимдер кырдаалды ого бетер курчутат» деген өңүттө жооп берген.

АКШнын аскердик күчтөрү 2021-жылы 31-августта Ооганстандан чыгып кеткен. 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти басып алган. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG