Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:58

Мурдагы бажычы Канаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайынан бошотулганы белгилүү болду. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастагандай, Октябрь райондук соту Нурмамат Канаевдин бөгөт чарасын 2023-жылдын 27-декабрында өзгөрткөн. Мындай сунушту УКМКнын тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат Нурмамат Канаевди былтыр декабрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып койгон.

Ал коомчулукта “Мантай” деген ат менен таанымал. Анын ысымы 2018-жылы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Бишкектеги Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматтарда айтылган. Абдил Сегизбаев бул кабарды четке каккан.

2020-жылы “FactCheck” порталы сөз болуп жаткан үй Бажы кызматынын ошол кездеги кызматкери Самсалиев Абулхазы Нурлановичке таандык экенин, анын Нурмамат Канаев менен байланышы бар экенин жазган.

Акыркы окуя тууралуу Нурмамат Канаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG