Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:12

ЖАКта Арстан Алайдын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды


Арстан Алай. Архив.
Арстан Алай. Архив.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу 5-январда жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Арстанбек Абдылдаевдин денесин кароодо зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Арстанбек Абдылдаев психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Маркумдун адвокаты Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганы тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Арстанбек Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG