Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:01

Бишкекте акча алмаштыруучу жайды тоноого шектелип, үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайлардын бирин тоноого шек саналган үч киши кармалганын 5-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 3-декабрда С.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, Бишкектин Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайына белгисиз адамдар келип, тапанча менен коркутуп, 425 миң 390 сомун алып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) менен кылмыш иши козголуп, милиция шектүүлөрдү кармаган. Алар 23 жаштагы К.А., 32 жаштагы Ж.Б. жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган 28 жаштагы Н.К. экени такталган. Шектүүлөр милициянын тергөө изоляторуна киргизилди.

Шаардык милициянын маалыматында, кармалгандар буга чейин ар кандай кылмыштардын негизинде бир нече ирет соттолгон.

Улуттук банктын реестрине ылайык, учурда Кыргызстанда 588 акча алмаштыруучу жай бар. Кезинде алардын саны 700гө чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG