Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-январга караган түнү Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берип билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

2023-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитетинин “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” деген баяндамасында Кыргызстанда калктын 75% сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашап жатканы айтылган.

Баяндамада белгиленгендей, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG