Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Казакстандагы оператор Орусиянын бир нече телеканалын көрсөтпөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын TVCOM спутник жана интернет телеберүү оператору ушул айдан тартып Орусиянын “Первый канал” баштаган бир нече телеканалын көрсөтпөй турганын жарыялады.

Компаниянын маалыматына караганда, буга жаңылыктар программасын көбүрөөк көрсөткөн телеканалдарды азайтуу тууралуу чечим себеп болду. Казакстандын өзүнүн «ПКВС Казакстан» телеканалы менен катар Орусиянын «Первый канал СНГ», «Поехали», «Время: далекое и близкое», «Дом кино», «Телекафе», «Дом кино Premium», «Музыка Первого», «Победа», «Карусель», «Бобер», «О!» каналдарынын трансляциясы да токтотулат.

Келечекте жаңылыктар программасын көрсөткөн чет өлкөлүк каналдарды бара-бара азайтуу пландалып жатканын айткан TVCOM абоненттери “медиасабаттуулуктун жогорку деңгээлине жеткенин, алар жаңылыктарды негизинен социалдык түйүндөрдөн гана алып калышканын” белгиледи.

TVCOM Казакстандын телерадио тармагындагы улуттук оператору «Казтелерадионун» өнөктөшү.

Өткөн жылдын ноябрь айында Казакстанда орусиялык телеканалдарды көрсөткөн Sputnik24 интернет-порталы бөгөттөлгөн болчу. Август айында Орусиянын «Царьград» сайты ачылбай калган. Буга өлкөнүн Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министрлигинин аталган сайтта экстремизмди пропагандалаган материал бар экени тууралуу чечими негиз болгон.

2022-жылдын соңунда жүргүзүлгөн сурамжылоодо казакстандыктардын бештен бир бөлүгү орусиялык телеканалдарды көрөрү белгилүү болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG