Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Майыптыгы барларды караган 14 миңдей адамга айлык берилди


Иллюстрациялык сүрот.
Иллюстрациялык сүрот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги былтыр өлкө боюнча майыптыгы барларды караган 13 миң 987 адамга эмгек акы берилгенин 4-январда билдирди. Маалыматка ылайык, алардын 14 миң 287и майыптыгы бар кишилерди жана балдарды карайт.

Мыйзамга ылайык, ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң ата, чоң эне, бир тууган жана бир тууган ага-инилер, багып алуучу ата-эне) же 65 жаштан ашпаган, майыптыгы жана балдарга карата кылмыштары боюнча соттуулугу жок жана тиешелүү окуудан өткөн башка адамдар жеке көмөкчү боло алышат.

2022-жылдын 1-июнунан тартып майыптыгы бар балдар гана эмес, бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар 18 жаштан өткөн жарандар да жеке көмөкчүнүн кызматын ала алышат.

Майыптыгы барларды карагандарга айына 6 миң 268 сом акы берилет.

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча майыптыгы бар балдардын саны 35 миңден ашуун. Алардын 6 миңдейи такай кароого муктаж.

XS
SM
MD
LG