Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек 2-январда түшүрүлүп нурлары саналганын билдирди. Бул тууралуу ал 3-январда мамлекеттик ЭлТР телеканалына берген комментарийинде айтты. Шаар башчысы борбордук аянтка мыйзам менен кабыл алынган туу илингенин, “анын нурлары 39 эле экен” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.
“Социалдык тармактарда көп талкуу болгондуктан туубузду ылдый түшүрүп да тартып, элге эсебин чыгарып, 40 нуру бар экенин көрсөтүп бердик. Мыйзамга туура келерин аныктап, видео тараттык”, - деди Айбек Жунушалиев.
Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон. Көп өтпөй социалдык тармактын бир катар колдонуучулары тууда күндүн 40 эмес, 39 эле нуру бар экенин жазып чыгышкан.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазды.
Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.
Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.
Желекти өзгөртүү боюнча документти спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, анын максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.
Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, “туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес” деген жүйөнү келтирген.
Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган. (BTo)