Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Базарбаев Нарында аймактык реформа аяктаганын билдирди


Кыргызстандын картасы.
Кыргызстандын картасы.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси Кудайберген Базарбаев 2-январда Нарын облсундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Анда Базарбаев өлкөдө алгачкылардан болуп административдик-аймактык реформа Нарын облусунда аяктаганын белгилеп, муну “тарыхый иш” деп атады. Аймактык реформанын жыйынтыгында түзүлгөн 27 айыл өкмөтүнө жана 27 айылдык кеңешке юридикалык аталышы жазылган бирдей типтеги такталар тапшырылды. Буга USAID уюму көмөктөшкөн.

31-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.

2023-жылы Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору ишке ашырылып баштаган.

Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт баскычтуу системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары менен шаарлар. Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде эки республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.

Республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бирден гана айылдан турат, аларда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин жетет. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG