Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Орусия Белгород менен аннексияланган Севастополго чабуул болгонун билдирди


Орусиянын Белгород шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 30-декабрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын Белгород шаарына жасалган чабуулдун кесепети. 30-декабрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектеш аймагында жайгашкан Белгород шаары 3-январдын таңында ракеталык чабуулга дуушар болду. Калаада сирена жаңырып, абадан коргонуу системалары иштегенин Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Анын айтымында, бир нече ракета атып түшүрүлгөн. Жабыркагандар жана талкаланган имараттар тууралуу азырынча маалымат жок. Гладков ошондой Солоти кыштагы аткылоого кабылганын, турак жайлардын терезелери күбүлүп түшкөнүн кошумчалады.

"Белгороддогу кырдаал чыңалган бойдон турат”,- деди Гладков. Андан тышкары аннексияланган Севастополго 3-январга караган түнү ракеталык сокку урулган. Орус бийлигинин маалыматына караганда, ракета абадан атып түшүрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымдагандай, жалпысынан Белгород облусунда абадан 12 ракета жок кылынды.

30-декабрда Белгородго жасалган чабуулдан 20дай кишинин өмүрү кыйылып, жүз чакты адам жараат. Орус бийлиги кол салууну Киевден көргөн. Украин бийлиги комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG