Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү


Кыргызстанда 30-декабрдан 2-январга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө боюнча 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылын көзөмөлдөп турат.

31-декабрда Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында саат 19:00дө жаңы жылдык маданий программа өтөт. Буга байланыштуу Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот. Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жеке унаалар үчүн жабылат.

Министрлер кабинетинин 26-декабрдагы токтомуна ылайык, Кыргызстанда 1-январдан 7-январга чейин эс алуу деп жарыяланган. Ортодогу беш иш күнү түрдүү дем алыш күндөрүнө алмаштырылган:

  • 2-январдагы иш күнү үчүн 8-январдагы дем алыш күнү иш болот.
  • 3-январь - 27-январь, ишембиге;
  • 4-январь - 2-март ишембиге;
  • 5-январь - 2-сентябрь ишембиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG