Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Орунбеков жаңы туу демөөрчүлөрдүн эсебинен даярдаларын билдирди


Дайырбек Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков.

Президенттин маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жаңы тууну даярдоону демөөрчүлөр каржылай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 30-декабрда Фейсбукка жазды.

“Туу демөөрчүлөрдүн эсебинен даярдалат, мамлекеттин бюджетинен каражат жумшалбайт. Так эмес маалыматтарды таратпоого чакырабыз”, - деп билдирди Орунбеков. Кайсы демөөрчүлөр экенин тактаган жок.

Мунун алдында социалдык тармактарда бир катар райондор, шаарлардын бийлиги мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жаңы туу сатып алууга жарыя беришкенин жазып чыгышкан.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Шакиев ошол маалда желек өзгөрсө, мамлекеттик бюджеттен чыгым болбой турганын, “бул ишти демөөрчүлөр каржылай турганын” билдирген. Мындай демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG