Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ак илбирсти Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө жарлык чыкты


Ак илбирс.
Ак илбирс.

Президент Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мындай кабарды 30-декабрда президенттин маалымат кызматы таркатты.

“Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. Ак илбирс жаратылыш байлыгынын, маданий байгерликтин гана символу болбостон, глобалдуу аймактын 1/3 ээлеген тоо экосистемасынын туруктуулугунун жана саламаттыгынын да индикатору болуп саналат. Жаратылышта ак илбирстерди жоготуу аяр экологиялык балансты бузуу тобокелдигине алып келет, бул жаныбарлардын ар кандай түрүнө да, адамга да кыйраткыч таасирин тийгизет. Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс улуу Манастын тотемдик жаныбары болгон. Ак илбирс, адам менен жаратылыштын биримдиги биздин дүйнөгө белгилүү залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу акыркы романында айкын сүрөттөлгөн”, - деп жазылган расмий маалыматта.

Жарлыкта ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча демилгелерди андан ары мамлекеттик колдоо, ошондой эле аны Кыргызстандын улуттук символу деп тануу үчүн өкмөткө тапшырмалар берилген.

Министрлер кабинети ак илбирстин улуттук символ деген макамын таануу, ак илбирстин санын жана анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрөт. Улуттук символдун логотибин жасап, аны улуттук жана эл аралык деңгээлде колдонуу тартиптери, ошондой эле идеологиялык мазмунун аныктайт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине жана Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттикке эл аралык кызматташтыктын, эл аралык аянтта инвестицияларды тартуунун алкагында ак илбирстин улуттук символун жайылтуу, анын санын жана экосистемасын коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, туризм тармагында улуттук символду колдонуу үчүн улуттук жана эл аралык деңгээлде өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу тапшырылган.

Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу болуп саналат. Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган жана Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган. (KbA)

XS
SM
MD
LG