Орус армиясы 29-декабрда Украинанын аймагына канаттуу ракеталар жана учкучсуз учактар менен чабуулун улантты. Бул тууралуу украин армиясынын жетекчилиги билдирди.
Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Харьков облусу С-300 жана Х-22 ракеталары менен кеминде 12 жолу аткыланды. Бир адамдын өмүрү кыйылды, 11 адам жараат алды, аймакта электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Борбор калаа Киевде да бир адам каза болду, 11 адам түрдүү жараат алды. Мэр Виталий Кличконун айтымында, жарылуудан адамдар калкаланып отурган "Лукьяновская" метросунун станциясы жабыркады.
Конотоп шаарында ракетанын соккусунан үч адам жараат алды, үйлөр, машиналар талкаланып, өрт чыкты.
Львов, Одесса, Запорожье, Днепр, Миргород, Кропивницкий, Кривой Рог аймактары да орусиялык аскерлердин чабуулуна кабылды.
Орусия бул тууралуу маалымат бере элек. (RK)