Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Дагы бир штат Трамптын шайлоого катышуусун чектеген чечим чыгарды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда дагы бир штат мурдагы президент Дональд Трампка президенттикке талапкерлигин коюуга тыюу салды. Мэн штатынын мамлекеттик катчысы Шенна Беллоуз ага бул штаттын аймагында баштапкы шайлоого (праймериз) катышууга тыюу салган чечим чыгарды.

Ал да өз чечимин АКШнын Конституциясындагы козголоң тууралуу беренеге негиздеп чыгарганы маалымдалды.

Ошентип, Мэн Трампты президенттик шайлоонун бюллетенине кошууга расмий түрдө тыюу салган экинчи штат болуп калды. Буга чейин ушундай эле чечим Колорадо штатында чыккан. Баш мыйзамдын талабына таянып өткөн аптада Колорадонун Жогорку соту Трамка шайлоого катышууга укук бербей турган чечим чыгарган.

Ал эми Мичигандын Жогорку соту Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимди күчүндө калтырган.

Аталган сот Трампты 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийдеги окуяга байланыштуу шайлоодон четтетүүнү талап кылган шайлоочулардын апелляциялык арызын кароодон баш тарткан. Соттун мындай токтому ага талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Арыз менен кайрылган жарандар Конституциядагы «буга чейин АКШга ант берген жаран козголоңго же көтөрүлүшкө катышкан болсо мамлекеттик кызматты ээлөөгө акысы жок» деген мазмундагы нормасын жүйө келтиришкен.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трамптын тарапташтары 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан.

2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы төрт кылмыш иши козголгон. Ал өзү булардын бирин да мойнуна алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG