Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

УКМК: базарларда жылыткыч сайган соодагерлер акча төлөп келишкен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” базарларынын жетекчилери соодагерлерден негизсиз акча чогултканы аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган базарлардын жооптуу адамдары кыш мезгилинде жылыткычтарды колдонууга уруксат берүү үчүн соодагерлерден 100-300 доллар алып жүрүшкөн. Жылыткычтарды уруксатсыз пайдаланган соодагерлерге айып пул салынып, жылыткычтарды жана кондиционерлерди колдонууга тыюу салынган. Администрациядан “уруксат” алгандан кийин гана аппараттарды колдонууга уруксат берилген.

Коопсуздук кызматы базар жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн маалымдады. Натыйжада ишкерлерден жылыткычтарды пайдаланганы үчүн акча чогултуу токтоп, базар башчылары бардык соодагерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнү убада кылышты. Базарда мыйзамсыз акча чогулткан кызматкерлерди иштен алуу чечими кабыл алынган.

Ноябрдын аягында, декабрдын башында Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарындагы базарлардын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинага (ККМ) каршы нааразылык акцияларына чыгышкан. Алар базарларда ыңгайлуу шарт жоктугун, ижара акылары кымбаттаганын да айтышкан. Президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына барып соодагерлер менен жолугушуп, бийлик базарлардагы соода жайларынын ижара акысын азайтууга болгон күчүн жумшай турганын билдирген.

Көп өтпөй УКМК көпчүлүк базарлардын ээлери соода жайлары үчүн ижара акысын төмөндөтүүгө жана соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө убада берген тасмаларын жарыялай баштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG