Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

Кара-Көлдө жаңы жылдык балаты быйыл да күйүп кетти


Кара-Көл шаарындагы күйүп жаткан балаты.
Кара-Көл шаарындагы күйүп жаткан балаты.

29-декабрга караган түнү Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган жаңы жылдык балаты быйыл да күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы өрттүн себеби такталып жатканын кабарлады.

Кара-Көл шаарынын балатысы 2022-жылы 1-январга караган түнү толугу менен күйүп кеткен. Ушул эле жылдын 23-декабрында балатыны жергиликтүү төрт тургун өрттөп жиберген. Аларды милиция кармап, чыгымды төлөтүп, балаты кайра орнотулган.

Былтыр 30-декабрга караган түнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында да балатыны өрттөгөн деген шек менен 34 жаштагы аял кармалып, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG