Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 29-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкекте күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 8…10° болот.
Дагы караңыз