Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Франциянын эки дипломаты Азербайжандан чыгарылууда


Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Франциянын бул өлкөдөгү элчилигинин эки кызматкерине өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу буйрук тапшырылганын билдирди. Мекеменин 26-декабрдагы маалыматына караганда, буга алардын «дипломатиялык макамына туура келбеген» аракети негиз болгону гана айтылды, андан башка маалымат берилген жок.

Министрлик Франциянын элчиси Анн Буайон жолугушууга чакырылганын, ага элчиликтин эки кызматкерине байланыштуу «чечкиндүү протест» айтылганын, алар persona non grata деп жарыяланганын жана 48 саат ичинде Азербайжандын аймагынан чыгып кетүү талабы коюлганын маалымдады.

Расмий Бакунун мындай чечими Франция менен Азербайжандын ортосунда чыңалуу жаралып турган учурда кабыл алынды. Чыңалуу азери бийлигинин Армения менен Тоолуу Карабак маселесине байланыштуу Европа ортомчулук кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Франция расмий Ереванга жан тарткан деген айыптоосунан кийин жаралган.

Өткөн айда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Францияны Арменияны курал-жарак менен жабдып, Казказда чыңалууну козуткан деп айыптаган.

Ортодогу Тоолуу Карабак аймагы үчүн Армения менен Азербайжан эки жолу согушуп, он миңдеген адамдын өмүрү кыйылган. Натыйжада аталган аймак быйыл азери бийлигинин карамагына өттү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG