Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

“Аскер Курулуш” ишканасынын директору менен эки кызматкери кармалды


Кармалган шектүүлөр. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Кармалган шектүүлөр. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 26-декабрда “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору (С.Дж.), ишкананын куруучусу (Т.А.) жана башкы энергетиги (Н.Н.) камакка алынганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Коргоо министрилигинин жана “Аскер Курулуш” ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып Нарын облусунун Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын бузуу иштеринин наркын жогорулатып көрсөткөнү аныкталган. Жыйынтыгында мамлекетке 3 млн 362 миң сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.

Мындан тышкары Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин жетекчилиги “T.К.” деген жеке ишкананын кызматкерлери менен сүйлөшүп, аскер бөлүктүн 12 аскер кызматкерин томат заводунда 45 күн мыйзамсыз иштетип, 760 миң сом акча алганы белгилүү болгон.

Бул боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдарды соодалоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аскер бөлүктүн командири (У.Т.), ыкчам бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы (Р.К.) жана компаниянын коопсуздук иштери боюнча жетекчиси (У.И.) камакка алынды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG