Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди


УКМКнын сүрөтү.
УКМКнын сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-декабрда сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде Чүй облусундагы 40тан ашуун күрөөканалардын ишин текшерди. Атайын кызмат тараткан маалыматта күрөөкана ишмердиги боюнча мыйзамдын, лицензиялык докмументтер, күрөөгө койгон мүлктөр боюнча талаптардын аткарылышы жана каражат булактары текшерилди.

Жыйынтыгында ломбарддын жетекчилери үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча милдеттенме алышты.

УКМК мыйзам бузган күрөөканаларды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып күрөөканалар маселесине токтолгон. Ал Кыргызстанда чоң үстөк пайыз менен акча берген күрөөканалардын ишин “элди тоноо” деп мүнөздөгөн. Ташиев бир нече күрөөкананы атап, эгер үстөк пайызы 30дан ашса, лицензиясын кайтарып алып, кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскерткен.

14-декабрда Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда күрөөканалардын үстөк пайызын чектөө боюнча мыйзам сунуштап, Жогорку Кеңеш мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күрөөканалардын үстөк пайызына эч кандай чектөө жок болгондуктан, каалагандай коюп жатканын белгилеп, мыйзам кабыл алынса, күрөөканалар жылына 32% көп коюм коё албай турганын айткан.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында 440тан ашуун күрөөкана бар. Быйыл 11 айда ломбарддардан 70 миллион, былтыр 25 миллион 463 миң сом салык түшкөн.

Кыргызстанда буга чейин да көп пайыз менен карыз берген ломбарддардын иши талкууланган. 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабууга буйрук берген.

Кийин бул сыяктуу көп пайыз менен карыз берген каржы ишканалары улам ачылып, ишин жүргүзүп жатканы айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG