Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Акылбек Жапаров Мамлекеттик лотерея компаниясын жабууну сунуштады


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик лотерея компаниясы мамлекеттик ишканасы эки жылдан бери пайда алып келбегенин айтып, аны жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу ал мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун угууда билдирди.

Мамлекеттик лотерея компаниясы 2016-жылы “Лотерея жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Өкмөт ишканага лотерея ишин уюштуруу, спорт, маданият, билим берүү, илим, искусствону өнүктүрүүгө көмөктөшүү милдетин жүктөгөн. “Лотерея жөнүндөгү” мыйзам менен жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынган.

Кыргызстанда министрликтер өтө эле көп экени, артыкбаш агенттик, ишканалар майнапсыз иштеп жатканы тууралуу сын-пикирлер айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG