Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Парламент Төрөбаевди министр кызматына талапкерлигин жактырды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевдин cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Бакыт Төрөбаев эми вице-премьерлик менен катар айыл чарба тармагын да тескейт. Министрликтин аталышы да алмашып, буга чейин Айыл чарба министрлиги деп аталып келсе, эми Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги деп өзгөртүлдү.

50 жаштагы Бакыт Төрөбаев саясатта соңку 15 жылдан бери аралашып жүрөт. Анын саясаттагы тушоосу Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясында кесилген. Ал 2007-2009-жылдары бул партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

2013-жылы Бакыт Төрөбаев баштаган төрт депутат “Республика” фракциясынан бөлүнүп чыгып “Өнүгүү” деген депутаттык топ түзгөн. Кийин Төрөбаевдин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча катышып, 13 мандатка ээ болгон.

Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG