Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Тыныбекова Спорттук-реабилитациялык борбордун жоюлушуна каршы экенин айтты


Спорттук-реабилитациялык борбордун айланасындагы маселе талкууланган жолугушуу. 26-декабрь, 2023-жыл.
Спорттук-реабилитациялык борбордун айланасындагы маселе талкууланган жолугушуу. 26-декабрь, 2023-жыл.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Спорттук-реабилитациялык борбордун ордуна же ага кошуп Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоо медицинасынын борбору ишканасын түзүү маселеси көтөрүлүп жатканын кабарлады.

Бул тууралуу ал 26-декабрда Спорттук-реабилитациялык борбордун кызматкерлери жана кыргызстандык балбандар менен жолугушууда айтканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиевдин сөзүнө караганда, ишканада 26 кызматкер иштеп 2500 спортчуну тейлейт. Ушул тапта Спорттук-реабилитациялык борбордо 24 миң спортчу, дене тарбия жана спорт менен алектенген адамдар каттоодо турат. Анда 146 медицина кызматкери иштейт. Министр бул борбор спорттук медицина жана дарылоочу жалгыз адистештирилген мекеме экенин айтып, аны өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалаган.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов жана алардын машыктыруучулары катышты.

Айсулуу Тыныбекова азыр иштеп жаткан Спорттук-реабилитациялык борборду жоюу туура эмес экенин айтты. Ал бул Кыргызстанда улуттук курама команданын спортчулары, дене тарбия жана спорт менен алектенген бардык мектеп окуучулары медициналык кароодон өткөн жалгыз борбор экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров парламенттин 27-декабрдагы жыйынында ушул маселеге токтолуп, Спорттук-реабилитациялык борборду жоюу туура эмес экенин, анын үстүнө алдыда маанилүү мелдештер турганын айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG