Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Түркия парламентинин негизги комитети Швециянын НАТОго киришин колдоду


Түркиянын парламенти. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркиянын парламенти. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитети шейшембиде Швециянын НАТОго кошулуу өтүнүчүн жактырды. Муну менен Орусия Украинага басып киргенден кийин Стокгольмдун Батыштын коргонуу альянсына киришине дагы бир тоскоолдук жоюлду.

Эми Швециянын НАТОго киришине байланыштуу протоколду Түркия парламенти кабыл алышы керек, бирок добуш берүүнүн убактысы азырынча белгисиз.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтонберг 26-декабрда Түркия парламентинин комитети кабыл алган чечимди кубаттады. Ал Анкараны жана Венгрияны Швециянын арызын ратификациялоону "болушунча эртерээк" бүтүрүп берүүгө чакырды.

Ондогон жылдардан бери бейтарап макамын карманып келген Швеция жана анын коңшусу Финляндия НАТОнун курамына кирүүгө арызын Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын май айында берген.

Арызды канааттандыруу үчүн протоколду НАТОнун бардык мүчөлөрү – 30 өлкө ратификациялашы зарыл. 28 өлкө макулдугун берген.

Түркия бийлиги Швеция менен Финляндияга айрым шарттарды койгон. Алардын арасында бир катар күрд уюмдарын террордук бирикме деп жарыялоо, Анкарага курал-жарак сатууну тыйган чечимди жокко чыгаруу, Түркияда терроризм үчүн айыпталып, Швецияда жана Финляндияда баш калкалап жүргөн айрым күрд жана оппозициялык ишмерлерди түрк бийлигине өткөрүп берүү деген талаптар бар.

Былтыр июнь айынын соңунда НАТОнун Испаниянын борбору Мадрид шаарында өткөн саммитинде үч өлкө биргелешкен меморандумга кол коюшкан. Анда Швеция менен Финляндия бир катар милдеттенмелерди алышкан, ал эми Түркия алардын уюмга киришине тоскоолдук жаратпай турганын билдирген.

Былтыр жыл соңунда Швециянын Жогорку Соту Анкара Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап жаткан түркиялык журналистти экстрадициялоо өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан. Түрк бийлиги бул чечимге нааразылыгын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG