Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Иран 60% чейин байытылган урандын өндүрүшүн көбөйттү


МАГАТЭнин башкы директору Рафаэл Гросси.
МАГАТЭнин башкы директору Рафаэл Гросси.

Иран байытылган уранды өндүрүүнүн темпин кайрадан көбөйтүп, айына тогуз килограммга жеткиргенин 26-декабрда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) кабарлаганын "Немис толкуну" жана башка маалымат каражаттары жазды.

Reuters агенттиги Иранда 60 пайызга чейин байытылган уран жетиштүү экенин жана анын негизинде үч атомдук бомба жасоо үчүн анын деңгээлин 90 пайызга жеткиргенин кабарлады.

Тегеран анын максаты атомдук бомба жасоо деген шектенүүнү четке кагууда.

2023-жылдын сентябрь айында Иран МАГАТЭнин бир нече инспекторунун аккредитациясын чакыртып алган. МАГАТЭнин башкы директору Рафаэл Гросси кызматтан четтетилгендердин үчтөн бири БУУнун өзөктүк энергия боюнча агенттигинин Ирандагы кызматкерлери экенин айткан.

18-сентябрда Германия, Улуу Британия, Франция, АКШ Иранды чечимин "тез арада жокко чыгарууга" чакырган. Биргелешкен билдирүүдө төрт жылдан бери Иран жооп бербей келе жаткан МАГАТЭнин өзөктүк материалдар боюнча чечиле элек олуттуу суроолору бар экени белгиленген.

Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ) 2015-жылы түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк ишмердигин чектеп, бул үчүн экономикалык санкциялар жеңилдетилмек.

Вашингтон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран андан кийин өзүнө алган айрым милдеттенмелерден баш тарткан.

АКШ президенти Жо Байден Иран менен өзөктүк келишимди жандантууга даяр экенин билдирген, бирок анын жол картасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2022-жылы үзгүлтүккө учураган. Тегеран менен Вашингтондун азыркы сүйлөшүүлөрү Оман жана Катардын ортомчулугу менен ишке ашууда.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин баяндамасында белгиленгендей, Иранда учурда 60% чейин байытылган 121,6 килограм уран бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG