Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Депутат педофилдерди өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев педофилияга айыпталгандарды өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана аларга мунапыс да берилбешин талап кылган мыйзам долбоорун сунуштоодо.

Парламенттин мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети мыйзам долбоорун 26-декабрда карады. Автор азыркы Кылмыш-жаза кодексиндеги 15 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын алып салууну сунуштады.

"Азыркы мыйзамга ылайык, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы 60 жаштан өткөн айыпталуучуларга колдонулбайт. Биз бул ченемди да алып салгыла деп жатабыз. Бул кылмышкерлер биздин жерде басып жүрүүгө укугу жок", - деди Маматалиев.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбооруна каршы чыкты. Ал Кыргызстандагы укук коргоо органдары, сот системасындагы адилетсиздиктер катталып келгенин белгилеп, ар бир окуя жеке каралышы керектигин айтты.

Мыйзам долбооруна Башкы прокуратура да каршы чыккан. Отурумга катышкан баш прокурордун орун басары Үмүткан Чокморова педофилдерге карата азыркы колдонулуп жаткан жаза да катаал экенин эскертти.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алып, 1-окууда кабыл алууга Жогорку Кеңешке сунуштады.

Жогорку Кеңештин депутаттары быйыл мартта Кыргызстанда педофилия үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштырууну жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштаган. Укук коргоочулардын, актвисттер өлүм жазасын мыйзамдаштыруу адам укуктарынын, демократиянын ченемдерине туура келбесин белгилеп, каршы чыгышкан.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргоо ордери берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG