Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

25-декабрь: Жоробеков абакта калды, Навальный түрмөдөн табылды


Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

25-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кезек контейнерлердин ээлерине жетеби?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эми Кыргызстанда базарлардагы контейнерлердин ээлери ижара акысын төмөндөтүшү керек экенин айтты. “50-60 миң доллардан баштап 100-200 миң долларга чейин чыккан контейнерлер бар экен” деген Ташиев өлкөдөгү ири жана чакан базарларда жерге болгон ижара акы 30-50% чейин төмөндөтүлгөнүн билдирди.

Активист Афтандил Жоробеков абакта калды

25-декабрда Бишкек шаардык соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековду 2024-жылдын 7-февралына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, ушундай эле чечим чыгарган. Ага каршы болгон активисттин адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок. ИИМ ага “массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган” деген айып коюуда. Активист тагылган кинени четке каккан.

Жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Лейлек районундагы мечиттердин биринин имам хатиби 63 жаштагы (М.М.) адам октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйганы аныкталганын билдирди. Бул факты Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” беренеси менен катталып, сотко чейинки өнүдүрүш жүрүп жатат. Облустук милиция ушул эле райондо башка молдорлор да жашы 18ге чыга элек өспүрүмдөргө нике кыйган эки факты аныкталганын кошумчалады. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Министрдин эскертүүсү

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Кыргызстанда мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынарын билдирди. Президент Садыр Жапаров быйыл май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ушул тапта президенттин жарлыгына карабай мектептерде ар кандай шылтоо менен дагы деле акча жыйналып жатканын айткан ата-энелер бар.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Навальный Ямал-Ненецк аймагындагы абакта экени билинди

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Ямал-Ненецк автономдуу округундагы Харп кыштагында өзгөчө кайтаруудагы колонияда экени 20 күндөн кийин билинди. Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш түрмөдө оппозиционер менен авдокаты кезиккенин, «баары жайында» экенин жазды. Харп кыштагы түндүктө жайгашкандыктан, азыр күндүз күндүн бети көрүнбөйт. Шарты өтө катаал бул түрмөдө Михаил Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедев, украиналык режиссер Олег Сенцов жаза өтөгөн.

Өзбекстанда кримтөбөл «Бахти Ташкентскийдин» уулу кармалды

Ташкентте бир катар кылмышка шектелип, алты киши кармалды. Коңшу өлкөнүн баш калаасынын полициясы тараткан маалыматта алардын арасында «Бахти Ташкентский» деген каймана ат менен таанылган кримтөбөл Бахтияр Кудратуллаевдин уулу Ихтияр Кудратуллаев да бар экендиги айтылат.

27 жаштагы Ихтияр «кылмыштуу топ менен биргеликте өтө чоң көлөмдө опузалап талап кылуу» беренеси менен шек саналууда. Өзбекстандын мыйзамында мындай берене менен айыпталган жаранды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кытай четтеги долбоорлорун коргоо үчүн жеке аскер компанияларын өнүктүрөт

Чет мамлекеттердеги кытайлык долбоорлордун коопсуздугу үчүн Бээжин жеке аскердик компанияларын өнүктүрүүнү көздөөдө. South China Morning Post маалымдагандай, жеке аскердик компаниялар кооптуу делген аймактардагы кытайлык долбоорлорду коргоого алат. Мындай кооптуу аймактарга Батыш Азия, Африка жана Латын Америкасы киргизилген.

Басылма Кытайдын чет өлкөлөрдөгү долбоорлорун жеке аскердик компаниялардын эсебинен коргоо дымагына Орусиянын Украинадагы согушу, Израилдин ХАМАС радикал тобуна каршы күрөшү түрткү болгонун жазды.

XS
SM
MD
LG