Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Латвия мас айдоочулардан алынган 270 машинени Украинага берди


Орус армиясынын соккусунан өрттөнүп жаткан украин тургундун машинеси
Орус армиясынын соккусунан өрттөнүп жаткан украин тургундун машинеси

Быйыл Латвия мас болуп жолдо жүргөн айдоочулардан конфискацияланган 270 автоунааны Украинага берди. Алардын жалпы баасы дээрлик 1.1 миллион доллар экенин Латвиянын Delfi маалымат порталы кабарлады.

Февралда Латвиянын парламенти мас айдоочулардан мамлекетке өткөн машинелерди Украинага бекер берүү тууралуу чечим кабыл алган.

2022-жылы Орусия Украинага кеңири масштабда басып киргенден бери карапайым тургундардын автоунаалары көп талкаланды.

Согуш баскан өлкөнүн калкы айрыкча катуу кармаш жүргөн жерлерден чыгып кетүүдө машинеге өтө муктаж болуп калат.

Быйыл жыл башында Эстония, Латвия, Литва жана Словакия сыяктуу айрым мамлекеттер Батыштын санкциясына кабылган Орусиянын Борбордук банкынын активдери баштаган 300 миллиард доллардан ашык сумманы Украинаны калыбына келтирүү үчүн колдонуу демилгесине кошулган.

XS
SM
MD
LG