Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

22-декабрь: Туу кабыл алынды, Балтабай соттолду, Чехия аза күтөт


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

22-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. "Мыйзам өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бирин – тууну жакшыртуу максатында кабыл алынганы" президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта белгиленген.

"Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн", - деп жазылган.

Адилет Балтабай соттолду

22-декабрда Чүй облустук соту жарандык активист Адилет Балтабайды абакка кесүү тууралуу Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Өткөн айда Пробация департаменти Сокулук райондук сотуна кайрылып, активистке байланыштуу мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранган. Бул өтүнүчүн “ал пробация эрежелерин бузганы” менен негиздеген. Сокулуктан Бишкекке келгени үчүн “эреже бузду” деп табылган. Сокулук райондук соту 10-ноябрда ага карата пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарган. Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогердин ата-энеси бийликке кайрылып, уулу пикирин ачык айтканы үчүн куугунтукталып жатканын айтышкан.

HRW Жоробеков боюнча билдирүү кылды

Human Rights Watch уюму мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин айтып, каршы турууга чакырганы үчүн активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камакка алынышын сынга алды. Уюм кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүү жана тынч чогулуу укугун чектегендик деп баалады. Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду 7-декабрда милиция суракка чакырып, камаган. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

Алиянын өлүмү боюнча иш козголду

Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жаштагы Алия Кубанычбекованын окуясы боюнча Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Анын ата энеси кызынын өлүмүнө догдурларды күнөөлөп жатат. Окуяны комиссия иликтөөдө.

Чехияда 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Чехияда 14 адам атып өлтүрүлгөн кандуу окуяга байланыштуу 23-декабрь жалпы өлкө аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды. Полиция трагедиянын чоо-жайы териштирилип жатканын, каза болгондордун баары ким экени аныкталганын маалымдады.

21-декабрда борбор калаа Прагадагы Карлов университетинин философия факультетинде бир адам студенттерге ок чыгарган. 14 адам каза болуп, 25и жараат алган.

WSJ Пригожиндин өлүмүн Патрушев уюштурганын жазды

Америкалык The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы орусиялык «Вагнер» жалданма аскерлер тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмүн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев уюштурган деген макала жарыялады.

Кремль Пригожиндин өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда. WSJ жарыялаган макаладан кийин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай материалдарды комментарийлөө да мүмкүн эмес экенин айтып, басылманы көчө деңгээлине түштү деп айыптады.

Пригожин быйыл июндун соңунда “куралдуу козголоң” баштап, анысы эки күнгө жетпей аяктаган.

XS
SM
MD
LG