Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Мырзабек Жыпаркулов Экотех көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды


Мырзабек Жыпаркулов.
Мырзабек Жыпаркулов.

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды.

Тийиштүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 22-декабрда кабарлады.

Буга чейин Жыпаркулов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин жетектеп келген. Ал ноябрдын башында бул кызматты Нурдан Орунтаевге бошотуп берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG