Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Киевде дрон эл жашаган үйгө тийди


Виталий Кличко, Киевдин мэри
Виталий Кличко, Киевдин мэри

22-декабрга караган түндө Украинанын бир катар аймактарында аба чабуулунан коргонууга чакырган сиреналар жаңырды.

Киевдин Соломен районунда атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары эл жашаган үйгө тийди. Кеминде эки адам жараат алганы, бир адам ооруканага жеткирилгени кабарланды. Маалыматты шаар мэри Виталий Кличко ырастаганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Дрон сыныгы тийген үйдүн үстүңкү кабатында өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүштү.

Көп өтпөй дрондун калдыктары Дарницкий, Голосеев райондорунда жер үйлөргө да тийгени айтылды.

Куткаруучулар кийинчерээк журналисттерге дрон сыныгы тийген көп кабаттуу үйдө үч батирдин дубалдары бузулганын көрсөткөн.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келет.

19-декабрдагы маалымат жыйынында украин президенти Владимир Зеленский Украина Европадагы өнөктөштөрү менен "өзгөчө байланыш" түзө алганын, алар каржылык жана аскердик колдоосун улантып жатышканын айткан.

Украин аскерлерине, өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикасы Батыштын жардамы менен туруктуулугун кармап турганын белгилеген. Аскердик мобилизация тууралуу суроого жооп берип жатып Зеленский бул өтө кылдат тема экенин айтты жана азыр согуш талаасында кармашып жаткан аскерлерге эс алууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG