Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Оклахоманын соту 48 жылдан бери абакта отурган кишини актады


АКШнын Оклахома штатынын соту киши өлтүрүүгө айыпталып, 48 жылдан бери түрмөдө отурган Глинн Симмонсту актады.

Симмонс башында өлүм жазасына өкүм кылынган.

Би-Би-Си маалымдагандай, Симмонс АКШдагы туура эмес өкүмдүн негизинде абакта эң узак отурган киши.

70 жаштагы Глинн Симмонс быйыл июлда аймактык сот анын иши боюнча маанилүү далилдер өз убагында адвокаттарына берилбегенин токтом кылгандан кийин эркиндикке чыгарылган.

Оклахоманын судьясы Эми Палумбо токтомдо: "Так жана ынанымдуу далилдерди карап көрүп, сот өкүмү оор болгон кылмышты Симмонс жасаган эмес деген бүтүмгө келди", - деп жазды.

Глинн Симмонс 1974-жылы Оклахома-Сити шаарынын четиндеги шарап саткан дүкөндү карактоо учурунда Кэролайн Сью Роджерсти өлтүргөн деген айып менен абакта 48 жыл, бир ай, 18 күн отурду.

1975-жылы, Симмонс 22 жашында өзү менен кошо айыпталган Дон Робертс экөө өлүм жазасына тартылган.

Кийинчерээк АКШнын Жогорку соту өкүмдү жумшартып, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга алмаштырган.

Робертс 2008-жылы шарттуу бошотулган.

Кылбаган иши үчүн айыпталып, абакта негизсиз отурган адамдар Оклахома штатынын мыйзамдарына ылайык, 175 миң долларга чейин кенемте ала алат.

GoFundMe кайрымдуулук фондунун баракчасындагы маалыматка ылайык, Симмонс өсмө (рак) оорусу меенн жабыркайт. Анын дарылануусу үчүн эсебине миң доллар чогулган.

XS
SM
MD
LG